5-ноябрда өлкө аймактарында, Бишкек жана Ош шаарларында жергиликтүү курултайлар өтөт

5-ноябрда өлкө аймактарында, Бишкек жана Ош шаарларында жергиликтүү курултайлар өтөт. Бул тууралуу чечим 9-сентябрда Мамлекеттик катчы — Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгы алдында өткөн Биринчи Элдик курултайды уюштуруу комитетинин экинчи отурумунда кабыл алынды.

Жыйынга Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышкан.