5-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 5-сентябрда түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24,

Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21,

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21,

Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +11…+13, күндүзгү жогорку температура +22…+24 градус болот.