50гө жакын Кыргыз жараны Индиядан мекенине кайта албай жатышат

Индияга барган кыргызстандыктар өз мекенине кайта албай жатышат. Бул тууралуу Садыкжан уулу Милан билдирди. Анын айтымында, Дели-Ташкент аба каттамы жабылгандыгына байланыштуу болжол менен 40-50 кыргызстандык орто жолдо калган.

«Биз бооруна операция жасата турган бейтапты Делиге алып келгенбиз. Бул жакта 3 ай болдук. Келгенден кийин анын бөйрөгү жана боору иштебей калганын айтышты. Кандайдыр бир жол менен алар донор тапты, бирок ал туура келбейт экен. Алар боорго жана бөйрөккө 50 миң долларга операция жасашты. Операцияга 40 миң доллар берип туугандары 10 миң доллар карыз болуп калды. Биз аларга кайтарып берерибизди айтып сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бейтап 1,5 ай мурун ооруканадан чыкты, ошондон бери мекенибизге кете албай жатабыз.

30-июнга чейин Дели-Ташкент рейсине 5 кишиге 2100 долларга билет сатып алдык. Бирок алар каттам токтотулганын билдиришти. Рейс жылдырылган жок, акча дагы кайтарылган жок. Азыр күнүнө 30 доллардан ижарага алынган батирде жашайбыз. Бизде 40 доллар калды. Өзбекстан өз жарандарын чартердик рейс менен алып кетти”, — дейт Садыкжан уулу Милан.