6-марттан 9-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кар көчкү Бишкек-Ош унаа жолунун 198-265 чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусунда жүрүшү мүмкүн.