6-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 6-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +13…+18,

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +6…+11.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +16…+18 градус жылуу болот.