6-январдан баштап Бишкектеги дагы эки көчө бир тараптуу болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жаңы эреже менен төмөнкүдөй кыймыл киргизилет:
- Турусбеков көчөсүндө Москвадан Жибек Жолуна чейин түштүктөн түндүк тарапты көздөй жүрөт;
- Үмөталиев көчөсүндө Жибек Жолунан Москвага чейин түндүктөн түштүккө карай жүрөт.