Эсептөө палатасына 30 жыл: Жылына 1700 субъектке аудит жүргүзүүгө ресурстары жетет
– Саламатсызбы, Алмазбек Шаршембиевич! Эсептөө палатасынын 30 жылдык тарыхы — бул эгемен Кыргызстандын мамлекеттүүлүк жана экономикалык системасынын калыптануу тарыхы. Бул мезгил аралыгында жогорку аудит органы кандай эволюциялык жолду басып өттү?
– Саламатчылык. Сиз туура белгиледиңиз, 30 жыл — бул жөн гана мааракелик дата эмес, бул институционалдык калыптануунун чоң баскычы. 1990-жылдардын башында Эсептөө палатасы түзүлгөндө, бизде советтик мезгилден калган контролдук-ревизиялык органдын (КРУ) институционалдык эс тутуму басымдуулук кылган. Анын маңызы жөнөкөй эле: каржылык бухгалтердик документтерди текшерүү, каталарды табуу жана жазалоо болчу.
Бирок рыноктук экономиканын жана мамлекеттик башкаруунун өнүгүшү менен биз сырткы көз карандысыз аудиттин заманбап моделине өттүк. Бул процесс Лима жана Каир декларацияларынын негизинде — жогорку аудит органдарынын эл аралык стандарттарына (ISSAI) шайкеш келтирүү аркылуу ишке ашты. Бүгүнкү күнү Эсептөө палатасы — жөн гана «текшерүүчү» эмес, ал мамлекеттик финансылык системанын туруктуулугун камсыз кылган көз карандысыз институционалдык арбитр жана стратегиялык кеңешчи.
– Дүйнөлүк практикада мамлекеттик аудит финансылык адаттагы аудиттен натыйжалуулук аудитине өтүп жатат. Эсептөө палатасы бул багытта кандай ийгиликтерге жетишти?
– Бул биздин реформалардын эң өзөктүү багыты. Финансылык аудит — «акча мыйзамга ылайык сарпталдыбы?» деген суроого гана жооп берет. Ал эми натыйжалуулук аудити — «Бөлүнгөн ресурстар аркылуу мамлекет койгон стратегиялык максатка жеттиби? Ар бир сарпталган сом эң жогорку социалдык-экономикалык пайданы алып келдиби?» деген аналитикалык суроого жооп берет.
Акыркы жылдары биз натыйжалуулук аудитинин үлүшүн көбөйтүүдөбүз. Биз азыр мамлекеттик программаларды, ири инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду дал ушул методология менен текшерүүгө багыт алып жатабыз. Мисалы, саламаттыкты сактоо же билим берүү тармагына бөлүнгөн каражаттар жөн гана өздөштүрүлбөстөн, калктын саламаттыгынын же билим сапатынын көрсөткүчтөрүнө кандай таасир эткенин талдайбыз.
– INTOSAI жана ASOSAI сыяктуу глобалдык эл аралык бирикмелердин алкагында КР Эсептөө палатасынын ээлеген орду кандай?
– Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы — Эл аралык жогорку аудит органдары уюмунун (INTOSAI) жана Азия уюмунун (ASOSAI) толук кандуу жана активдүү мүчөсү. Биз эл аралык өнөктөштөр менен тажрыйба алмашууну туруктуу жүргүзүп турабыз.
Андан сырткары, биз параллелдүү жана биргелешкен аудиттерди коңшу мамлекеттердин жана өнөктөштөрдүн жогорку аудит органдары менен биргеликте ишке ашырып келебиз. Бул транзиттик, экологиялык жана чек ара аралык долбоорлорду биргелешип көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Биздин аудиторлор эл аралык сертификациялардан өтүп, глобалдык методологияны өздөштүрүүдө.
– Бүгүнкү күнү санариптештирүү жана жасалма интеллект ишке активдүү кирип жатат. IT-аудит тутумун киргизүү кандай жүрүүдө?
– Санариптештирүү — бул коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруунун жана аудиттин тактыгын жогорулатуунун эң заманбап, прогрессивдүү куралы. Биз бүгүнкү күнү текшерүүлөрдүн негизги бөлүгүн дал ушул нукка салып, «дистанциялык аудит» концепциясына жигердүү көңүл буруп жатабыз.
Эсептөө палатасынын аудит жүргүргүзүүчу субъекттердин саны 5000 объекттен ашык болсо Эсептөө палатасы жылына 1700 субъектке аудит жүргүзүүгө ресурстары жетет. Мамлекеттик органдардын маалыматтык базалары (салык, бажы, казыначылык тутумдары) менен интеграциялануу аркылуу аудиторду объектке жибербей туруп эле, тобокелдиктерди башкаруу тутуму аркылуу кайсы жерде мыйзам бузуу коркунучу бар экенин алдын ала так аныктай алабыз. Бул адамдык факторду азайтып, текшерүүлөрдүн ылдамдыгын жана объективдүүлүгүн жогорулатат.
Бирок, канчалык прогрессивдүү технология болбосун, салттуу түрдө жеринен текшерүү ыкмасын унутпашыбыз керек. Маалыматтык системалар канчалык өнүкпөсүн, ар кандай электрондук базаларга кызыкдар тараптар туура эмес же бурмаланган маалыматтарды киргизип коюшу ыктымал. Маселен, кагазда же компьютерде «бүттү» деп киргизилген объект чындыгында бүтпөй калышы, же базада «бар» деп көрсөтүлгөн мүлк же жабдуу иш жүзүндө жок болушу мүмкүн.
Андыктан, санариптик аудит күмөндүү же тобокелдиги жогору деп белгилеген жерлерге аудиторлорубуз сөзсүз түрдө жеринен барып, өз көздөрү менен көрүп, реалдуу абалды текшерип турушу керек. Бул санариптик аналитика менен реалдуу көзөмөлдүн айкалышы гана абсолюттук тактыкты камсыз кылат.
– Жакынкы келечекке Эсептөө палатасынын башкы стратегиялык көрүнүшү кандай?
– Биздин башкы максат — Кыргыз Республикасында мамлекеттик ресурстарды башкаруунун каржылык тартибин жана ачык-айкындуулугун калыптандыруу. Эсептөө палатасы — бул жөн гана каталарды аныктоочу орган эмес, аткаруучу бийликке системалык кемчиликтерди четтетүүгө жардам берген, Жогорку Кеңешке бюджеттик контролду камсыздоого көмөктөшкөн жана жалпы экономикалык туруктуулукка салым кошкон заманбап аналитикалык институт катары өнүгөт.