6-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 6-январга караган түнү Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12,

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7,

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…-6.

Бишкекте күндүз бир аз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +10…+12 градус жылуу болот.