7-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 7-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36;

Талас жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +29…+34;

Баткен облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38;

Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +24…+29;

Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +27…+32;

​Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +32…+34 градус болот.