7-октябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 7-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +15…+20,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17,

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +16…+18 градус болот.