71 жаштагы жеке ишкер бактылуу карылыктын сырларын бөлүштү (видео)

Жеке ишкер Жумадил Эгембердиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бактылуу карылык деген теманы көтөрүп чыкты. Анын айтымында, бактылуу карылык сергек жашоону талап кылат.

«Баскандан уялып жатсаңар, «торпогумду издеп жатам» деп койгула» деген ал тоого басканын көрсөттү.

Жумадил Эгембердиев 1953-жылы туулган. 71 жаштагы жеке ишкер «Шоро» компаниясын түптөөчүлөрдүн бири.