8-9-ноябрда өлкөдө суук түшөт

«8-9-ноябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, өрөөндөрүндө жаан карга айланат, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт» деп билдирет Кыргызгидромет.

8-ноябрда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаап, суу кар жаайт. Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. 9-10-ноябрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1 градус суук болушу күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 0…-5 суук, күндүз +1…+6, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5… -10, күндүз -3…+2, тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -10…-15 суук болот.