«8 адам оор абалда». Өзгөндө жол кырсыгы катталып, 13 адам жаракат алды

Өзгөн шаарынын Такачы көчөсүндө Мерседес-Бенц жана Дэу-Лабо үлгүсүндөгү унаалардын ортосунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨМКден билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен жалпы 13 адам жабыркаган. Сегизи оор абалда, 5 адам жеңил жаракат алган. Куткаруучулар жаракат алган жарандарды унаадан чыгарып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.