9-10-апрель күндөрү өлкөдө сел жүрүшү мүмкүн

9-10-апрель күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өлкөнүн Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.