«90 миң сомго чейин». Орусиядагы мобилизациядан улам Москвадан Бишкекке билет баасы кымбаттады

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин Москвадан Борбор Азия өлкөлөрүнө авиабилеттер кымбаттады. Анын ичинде Кыргызстан да бар. 

Аэрофлот 89,5 миң сомго чейин кымбаттатты. Аэрофлот менен Москвадан Бишкекке түз каттамга билеттердин баасы 89,5 миң сом же 64 миң рубль. Бул буга чейин катталган эң жогорку баа.

«Урал аба жолдорунда» билет 60 миң сомго чейин болуп жатат. Ал эми башка жакка конуу менен билеттердин баасы 40 миңден 147 миңге чейин болууда.