Абага чыккан зыяндуу заттардын 20 пайызы Бишкек ЖЭБине туура келет

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Бишкек шаарындагы экологиялык абал боюнча кечээ жыйын өткөрдү. Отурумга Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев дагы катышты.

«Бир нече жылдан бери борбордун экологиясына таасир эткен көптөгөн факторлор талкууланып келет. Бул боюнча ар бир тармактык мамлекеттик органдын маалыматтары ар башка. Жарандар арасында газ менен жылытууга өтүүнү активдүү сунуштап, экологиялык билим берүү жана маданиятын жайылтуу керек. Ушул эле маселе муниципалдык жана жеке менчик унааларды газ кыймылдаткыч отунуна өткөрүү боюнча иштерди күчөтүүгө дагы тийиштүү», — деди Новиков.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу жылуулук электр борборунан абага чыккан зыяндуу заттар боюнча дагы сөз кылды.

«Зыяндуу чыгындылардын 20 пайызы Бишкек ЖЭБине туура келет. Так санды эч ким айтып бере албайт. Тийиштүү органдардын өкүлдөрүнө ыкчам тартипте Бишкек ЖЭБди газга өткөрүү мүмкүндүгү боюнча тийиштүү эсептөөлөрдү аткаруусун тапшырам. Эгерде көмүргө жана газга карата чыгымдар салыштырмалуу бирдей болсо, анда бул маселени тез арада чечүү керек», — деп жыйынтыктады Новиков.

Маматалиев өкмөттүн абага коё берилүүчү зыяндуу заттардын деңгээлин кыскартуу жана абаны тазалоо боюнча иш-чаралар планына өз сунуштарын киргизди. Ошондой эле ал өкмөт ыш маселесин чечүүгө олуттуу киришкенин белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Экологиялык тазалоо боюнча механизмдерди иштеп чыгуу планын толуктап иштеп чыгып, келерки жумада бекитүү сунушталды.