Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
«Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алимбаев Абдикарим Карбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду»,- деп айтылат маалыматта.