Жекшемби, 19.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуусу (толугу менен)

14:38 11.03.2026
0
Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта парламенттин жыйынында Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышып, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысы коомдук биримдик, кадр саясаты, билим берүүнү өнүктүрүү, мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелерине токтолду. Президент жакында парламентте болгон окуяны эске салды, анда айрым депутаттар «тигил тарап» жана «бул тарап» деп бөлүп-жарууга аракет кылышкан. “Бирок убагында токтотуп калдык. Элдин элегинен өтүп шайланып келген эл өкүлдөрү сиздер ушинтип турсаңыздар, анан карапайым эл каякка барат деген ой келди да мага. Ошондуктан мындан ары андай терс иштерди жасабайлы. Мындай бөлүнүп-жарылуу мамлекеттүүлүккө коркунуч жаратат”, — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары мурдагы мезгилдерден бери келе жаткан аймактык бөлүнүү практикасын жоюу боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи. “Мен ушундай болуп илгертен бери келе жаткан бөлүнүүнү акыры жок кылам деп өзүмө сөз бергем. Беш жылдын ичинде байкасаңыздар керек, кадимкидей бөлүнүп-жарылуу деген жок болуп калган, андай сөздү унутканбыз. Мисалы, акимдерди, сотторду жана башка мамлекеттик кызматкерлердин бардыгын ротация кылганбыз. Жыйынтыгын жакшы берип жатат”, — деди президент.

Мамлекет башчысы ушундай эле принципти жогорку билим берүү системасына да киргизүү пландары тууралуу билдирди. “Кудай буюрса, алдыда келе жаткан убакта, эмдиги жылы студенттерди дагы ротация кылабыз. Мисалы, жалпы 10 000 бюджеттик орун берет экенбиз, ошонун 5 000ин түндүккө, 5 000ин түштүккө беребиз дагы, студенттерди толук ротация кылабыз. Түндүктүк студенттер түштүктөн барып окуйт, түштүктүктөр түндүктөн келип окуйт”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Долбоорду башында эрте баштоо пландаштырылган, бирок ишке ашыруу бир жылга жылдырылды. “Акча каражат кичине тартыш болду. Анткени өлкөдө эл аралык ири иш-чаралар өтөт. Ошондуктан бир жылга — кийинки жылга калтырылды. Жети облуста, ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларында бардык заманбап шарттары бар студенттик жатаканалар курулат”, – деп билдирди президент.

Мамлекет башчысы келечектеги башкаруу кадрларын даярдоо маселелерине да токтолуп, “Акылман” мектебинин маанисине токтолду. “Акылман” мектебинен чыккан окуучулар кийин ЖОЖду бүтүп келгенден кийин бир күн дагы көчөдө жумушсуз калбайт. Орун жок болсо эскилерди бошотуп, пенсияга кеткенин пенсияга айдап, начар кызматкерлерди бошотуп туруп, ошолордун ордуна буларды алабыз. Мамлекет аларды окутууга миллиарддаган каражат жумшап жатат, анткени биз эң жогорку квалификациялуу кадрларды даярдап жатабыз”, — деди ал.

Мамлекет башчысы коррупцияга каршы күрөшүү маселесине өзүнчө токтолуп, коррупцияга каршы күрөшүү саясатын ырааттуу улантуу зарылдыгын баса белгиледи. “Кечээ жакында өзгөчө кырдаалдар министри кызматына талапкер издеп, 10 талапкерди сунушташса, 10унун 9у “коррупционер” деген жыйынтык менен чыгарылды. Анан айттым: “Таза министр болчу кадр калдыбы Кыргызстанда, барбы?” — деп. Биз элге убада берип келгенбиз: таза иштейбиз, коррупцияны жок кылабыз деп. Ошол антыбызды аткарышыбыз керек”, — деп кайрылды президент.

Президент ошондой эле мамлекеттик башкарууну, анын ичинде парламенттин ишин санариптештирүүнү тездетүү зарылдыгын баса белгиледи. “Электрондук парламентке өтпөсөк, кагаз жана башка техникалар үчүн аябай көп каражат сарпталып жатат. 2020-жылдан бери: жалпы 65 тонна кагаз керектелиптир. Бул бир гана А4 форматындагы кагаз”, — деди президент. Буга байланыштуу ал парламенттин ишин электрондук форматка өткөрүүнү сунуштады. “Жогорку Кеңешти планшетке, ноутбукка өткөрүп, электрондук парламент кылалы. Кагаз менен калемди унуткула, замандын талабы ушундай. Өнүккөн өлкөлөр мындан 30 жыл мурда эле өтүп кетишкен”, — деп жыйынтыктады мамлекет башчысы.

Андан соң президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарынын өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, мамлекеттик программаларды ишке ашырууга жана мамлекеттик саясаттын актуалдуу багыттарына тиешелүү суроолоруна жооп берди.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:23 19.04.2026
0

"Мен 45 жашымда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангам. Марлен да 45 жашында ушул жооптуу кызматка келди". Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси...

Садыр Жапаров: «Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин жана Web3 технологияларынын регионалдык хабына айлантуу»

Садыр Жапаров: «Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин жана Web3 технологияларынын регионалдык хабына айлантуу»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:10 19.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-апрелде TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Санды кабыл алды. Жолугушууда глобалдык финансылык трансформациянын актуалдуу маселелери, Кыргызстанда виртуалдык...

Клёкнер: «Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат»

Клёкнер: «Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:54 18.04.2026
0

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Германия Федеративдүү Республикасындагы расмий сапары башталды. Алгач төрага аталган өлкөнүн парламентинин – Бундестагынын президенти...

Маматалиев кыргызстандыктар үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады

Маматалиев кыргызстандыктар үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:38 17.04.2026
0

Төрага Марлен Маматалиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгына тиешелүү маселелерге токтолушуп, парламенттер аралык...

Кыргызстан менен Өзбекстандын эли акыркы жылдары бири-бирине турист катары абдан көп каттап жатат

Кыргызстан менен Өзбекстандын эли акыркы жылдары бири-бирине турист катары абдан көп каттап жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:11 17.04.2026
0

Стамбул шаарында өткөн жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер боюнча ой бөлүшүп, парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатында пикир...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Текебаев: "Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды"

11:23 19.04.2026
Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

11:33 19.04.2026
20-25-апрель күндөр аралыгында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

20-25-апрель күндөр аралыгында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

14:03 19.04.2026
Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

11:33 19.04.2026
Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Текебаев: "Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды"

11:23 19.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү