Абдыкерим Алимбаев: «Контрабанда менен алектенгендерге каршы ок атылат»

Контрабанда менен алектенгендерге каршы ок атылат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдыкерим Алимбаев билдирди.

Анын айтымында, аткезчилер көбүнчө күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн качып, барчу жерине жетүү үчүн айланма жолду колдонушат.

«Бул жерде бийликтин жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү турушат. Аткезчилердин токтоосун талап кылышканда, алар баш ийбей качышат. Эгерде мыйзам уруксат берсе, мындай учурларда курал колдонуңуз. Болбосо эл түшүнбөй, аткезчилик менен алектенип жатат”, — деп тапшырма берди Абдыкерим Алимбаев.