Абхазия, Армениянын номуру менен жүргөн унаалар мыйзамдаштырылат. Жарлыкка кол коюлду

Абхазия, Армениянын номуру менен жүргөн унаалар мыйзамдаштырылат. Жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.

Мамлекет башчы Минкабга легалдаштыруу жол-жобосун 6 айдын ичинде 3 этап менен жөнгө салууну тапшырган.

Мыйзамдаштыруу этаптары:

  1. 1-этапта документи барлар катталат;
  2. 2-этапта документи жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп бергендер катталат;
  3. 3-этапта документи жок унаалар тетик катары сатылат же өлкөдөн чыгарылат.

11-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Абхазия, Армениядан келген унаалар боюнча маалымат берип, жыйын өткөргөнүн айткан. Ал өлкөдө абхаз, армян номурлуу 15 миңдей унаа бар экенин билдирген.