Мадумаров: «Дарыгерлер бейтаптарды менчик лабораторияларга жиберип, пайызга отуруп жатышат»

Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Адахан Мадумаров дарыгерлер жарандарды менчик клиникага жиберип жатканын айтып, нааразы болду.

«Лаборатория болсо шак эле «Бонецкий», «ЮРФА» дейт. Силер шериктеш болуп алдыңар. Пайызга отурган болуп алдыңар. Биз калкка кызмат көрсөтпөй эле, акчасына карата мамиле кылып калдык. Анализ тапшыр деп менчик клиникага жиберет. Ал жерде 3 миң сомдон ашык турат», — деди ал.