Адам өлгөндөн кийин денеси кантип өзгөрөт? Дарыгердин жообу

Адам өлгөндөн 2 сааттан кийин кургап баштайт. Бул тууралуу SUPERTV телеканалынын “Тузу оор кесиптер” долбоорунда маек берип жатып патологоанатом Атыр Абылова билдирди.

«Эң башында көздүн чел кабыгы, ооздун тегереги кургап баштайт. 3 сааттан кийин жансыз дене капталынан жатса, ошол тарапта тактар пайда болот. Жүрөктүн согуусу токтоп калганда кан сарыгат. 3 сааттан кийин дене катып баштайт. Биринчи жаак, анан моюн, буту-колу, анан дененин булчуң эттери катыйт. 1 же 1,5 суткада толугу менен катыйт. 3 суткадан кийин кайра жумшарып баштайт», — деди ал.