Адамдарды кубалаган аюу. Видеонун кайсы жерде тартылганы маалым болду

Социалдык тармактарда аюунун адамдарды кубалаган видео тарап, анын Кыргызстанда тартылышы мүмкүн экендиги жазылган. Анда аюу 5 адамды кубалаганы көрсөтүлөт.

Интернеттеги ачык булактардан видеонун Кытайда тартылганы маалым болду. Видео Синьцзян-Уйгур автономиялык районунда тартылган. Аюу чабандын үйүнө кирип, жылкыга кол салган, чабан полиция кызматын жардамга чакырган. Жырткыч кармалган, ал эми адамдардын эч кимиси жабыркаган эмес. Окуя мындан 2-3 күн мурда болгон.