«Адамдын эле өлүгү жок. Тоңдогу таштанды Ысык-Көлдү булгап жатат». Акимчиликтин жообу

Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» бөлүмүнө Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Жумаш Эшперов айылынын тургуну кайрылган. Анда айылдагы коктуда жайгашкан таштанды төгүүчү жайдан чыккан суу Ысык-Көлдүн суусун булгап жатканы, ал эми таштанды таштоочу жай талапка жооп бербей турганы айтылган.

Редакцияга бүгүн, 16-февралда Тоң райондук акимчилигинен таштанды таштоочу жай тазаланганын билдиришти. «Бул боюнча видео чыкканда айыл өкмөт башчысы жасалган иштерди көрсөтүп, бизге маалымат берген. Бул жер тазаланган. Азыр деле тазаланып турат. Бул жерди трансформациялоо иштери жүрүп жатат, иштер бүткөн соң корулуп турат», — дешти.