«Адамзатка жарык чачып, өзүм өчүп баратам». Бишкекте коронавирустан каза болгон дарыгерлерге арналган эстелик ачылды

Бишкекте Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жанында коронавирус пандемиясынан каза болгон дарыгерлерге арналып эстелик ачылды.

Эстеликте эки дарыгер чагылдырылган. Мемориалда «Адамзатка жарык чачып, өзүм өчүп баратам. Өтсөм дагы бул дүйнөдөн жакшылыкты жаратам» деген саптар бар.

Ачылышка Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, борбордун вице-мэри Виктория Мозгачева, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев, КММАнын студенттери жана Бишкек шаарынын тургундары катышты. Шаардыктар жана каза болгон дарыгерлердин туугандары эстеликке гүл коюшту.