Адис: «Азыр Кыргызстанда көбү британ штаммы менен ооруп жатышат»

Бүгүн, 22-апрелде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда коронавирустун британ штаммы аныкталганын билдирди. Мындан улам Сереп Медиа маалымат агенттиги бул штамм тууралуу маалымат алуу үчүн адистерге кайрылды.

Ооруларды алдын-алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик департаменттин лаборатория борбор башчысы Айгүл Жумаканованын айтымында, бул штамм 26-мартта Орусияга жөнөтүлгөн үлгүлөрдүн арасынан аныкталган.

«Быйылкы жыл башында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Орусияга барганда, Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова менен коронавирустун жаңы штаммдарын изилдөө боюнча келишим түзгөн. Биринчи партияны январь айында жөнөтүп, жыйынтыгын алганбыз. Экинчи жолу 26-мартта оң чыккан 30 үлгүнү жибергенбиз. Аларды изилдөөдө Кыргызстанда 4 түрдөгү жаңы штамм жүрүп атканы маалым болду: британ штаммы, түштүк африкалык штамм, индиялык жана учурда Орусияда жүрүп жаткан жаңы штамм», — деп билдирди Айгүл Жумаканова.

Анын айтымында, бул төртөөнүн ичинен эң коркунуч жаратканы — британ штаммы.

«Британ штаммы тез жукканы менен айырмаланат. Бир мезгилде көп адамга жугуп, көп адам ооруп калса, саламаттыкты сактоо системасына оордук келип калат. Болгон коркунучу ушул. Ал эми белгилери тууралуу айта турган болсок, мурунку вирус сыяктуу эле белгилерди алып жүрөт: жөтөл, алсыроо, тамактын жана булчуңдардын оорушу. Бул штамм агрессивдүү формада болот деген ойдон мен алысмын. Дарылоо деле ошондой жүргүзүлөт», — деди лаборатория борбор башчысы.

Айгүл Жумаканованын айтымында, түштүк африкалык штамм коронавирустун Кыргызстанда былтыр жүргөн түрү. Индиялык штамм экөө көп деле айырмаланбайт.

«Индиялык штамм өтө жугуштуу деле эмес. Өтө көңүл бурулуп жатканы азыр британ штаммы. Учурда Кыргызстанда ооруп жаткандардын көбүнүкү британ штаммы. Ошондуктан, министрлик пандемия башталгандан бери эле айтып келе жаткан эрежелерди сактоого чакырабыз. Азыр 3-толкундун жогорку чегине бара жатабыз. Бет кап тагынуу абдан зарыл, антисептик колдонуу жана социалдык аралыкты сактап, көп адамдар топтолгон жакка барбоону сунуштайбыз», — деди ал.