Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет: 24-май күнү саат 15:00дөн тартып, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.
Шамал катталган учурда үйлөрдүн терезелерин жабыңыздар, унааларды бак-дарактардын астына койбоңуздар! Кырсыкка кабылсаңыз же кабылгандар боюнча маалыматыңыз болсо, 112 кызматына кайрылыңыздуу суранабыз.