“Кыргызстанда үчүнчү жыл катары менен инфляциянын төмөндөшү байкалууда” деди Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкекте өткөн “Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2024-жылга карата жыйынтыктары жана 2025-жылга карата милдеттери жөнүндөгү” коллегиясында.
“2024-жыл окуяларга бай жыл болду. Алдын ала маалыматтар боюнча 2024-жылга карата ИДПнын көлөмү 1 триллион 523 миллион сомду түздү. Геосаясий жана климаттык тобокелчиликтерге карабастан, Кыргызстанда үчүнчү жыл катары менен инфляциянын төмөндөшү байкалууда. Өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмү 2024-жылы 585 миллиард сомдон ашты. Буга республика боюнча 102 ишкананын ишке кириши өбөлгө түздү”, – деди ал.
Жыйында шаардын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков өткөн жылы борбор калаада 12 жаңы өнөр жай ишканасы ачылганын билдирди. «2024-жылы 25 чакырым жол жана 20,6 чакырым тротуар оңдолуп, жалпы узундугу 21,7 чакырымды түзгөн 6 көчө реконструкцияланды», — деди Байгончоков.