Шаршемби, 19.02.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C

День: 23.01.2025

«Өрттөнүп өлөм». Өзүнө бензин чачкан окуянын чындыгы кимде?

«Өрттөнүп өлөм». Өзүнө бензин чачкан окуянын чындыгы кимде?

  "Бир күн мурда эле өрттөнүп өлөм деген чечимге келгем" дейт SEREPTV каналынын кезектеги каарманы. Башкы прокуратуранын алдында өзүнө бензин чачкан жарандын окуясы боюнча тараптарды уктук. Толугу менен видеодо.

Депутат Маматалиев: «Абхазия, Армениянын номуру менен жүргөн унааларды камап эмне кыласыңар?»

Депутат Маматалиев: «Абхазия, Армениянын номуру менен жүргөн унааларды камап эмне кыласыңар?»

Бүгүн, 23-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Абхазия жана Армениянын номуру менен жүргөн унааларга рейд токтобой жатканын айтты. "Азыр унааларды камап алгандын эмне пайдасы бар? Буйрук чыкты. 6 айда ...

24-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 24-январда маал-маал менен кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9, Талас жергесинде түнкүсүн -14…-19, күндүз -1…-6, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2, Ысык-Көл облусунда ...

Шыкмаматов менен Нарматова куштарга уя жасашты (видео)

Шыкмаматов менен Нарматова куштарга уя жасашты (видео)

Бүгүн, 23-январда Элдик банк Мамлекеттик ипотекалык компаниясы менен биргеликте иштелип чыккан «Топтомо ипотека» уникалдуу социалдык программасынын бет ачар аземи өттү. Анын жүрүшүндө Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов менен экс-депутат Орозайым ...

Араванда зоодон кулап кеткен өспүрүм бала каза тапты

Араванда зоодон кулап кеткен өспүрүм бала каза тапты

22-январь күнү Араван РИИБге Достук айыл аймагына караштуу Маданият айылында бала зоо-таштан кулап, каза болуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти. Бул факты каттоого алынып, окуя болгон ...

Америкадагы жана Австралиядагы фермерлер бодо малды өтүн алуу үчүн союп башташты

Америкадагы жана Австралиядагы фермерлер бодо малды өтүн алуу үчүн союп башташты

Акыркы учурда Америкадагы жана Австралиядагы фермерлер бодо малды өтүн алуу үчүн союп башташты. Анткени ал 5800 долларга чейин бааланат. Бул алтындан эки эсе кымбат. Мындай маалыматтарды The wall street journal ...

Жеңишбек Токторбаевди Оштун мэрлигине ким сунуштаган?

Жеңишбек Токторбаевди Оштун мэрлигине ким сунуштаган?

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Ага журналисттер "Бул кызматка сизди ким сунуштады?" деген суроо беришкен. "Мени Садыр Жапаров сунуштады. "Барып, иштеп, мамлекетти, шаарды көтөрүш ...

Оштун жаңы мэри Жеңишбек Токторбаев бир катар талаптарды койду

Оштун жаңы мэри Жеңишбек Токторбаев бир катар талаптарды койду

Ошко жаңы дайындалган мэр Жеңишбек Токторбаев аппараттык жыйында кадрдык алмаштыруулар болбой тургандыгын айтты.  «Менин негизги принцибим – жетекчилерди алмаштыруу эмес. Шаардын жана шаар тургундарынын кызыкчылыгы үчүн иштөө. Жыйынтык көрсөтүү. Мен ...

Бишкекте жол тескөөчүнү капотуна жаткырган бойдон айдап, кулаганда из жашырган айдоочу изделип жатат

Бишкекте жол тескөөчүнү капотунда сүйрөгөн айдоочу кармалды

Бишкекте жол тескөөчүнү капотуна жаткырган бойдон бир топ жерге чейин алып барып, ал кулаган соң, из жашырган айдоочу табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Окуя кечээ, 22-январда саат 16:30 чамасында ...

Садыр Жапаров укук коргоочу Азиза Абдирасулова боюнча пикирин билдирди

Садыр Жапаров укук коргоочу Азиза Абдирасулова боюнча пикирин билдирди

Өлкө башчысы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип, укук коргоочу Азиза Абдирасулованын чет жакка чыгып кеткени тууралуу комментарий берди. "Азиза Абдирасулованы эч ким аңдыган жок. “Бирөөлөр аңдып атыптыр” деп 10-15 жыл ...

«Дүйнөдөгү эң жагымсыз 100 тамак». Тизмеге кайсы өлкөнүн эмне тамагы кирди? 

«Дүйнөдөгү эң жагымсыз 100 тамак». Тизмеге кайсы өлкөнүн эмне тамагы кирди? 

TasteAtlas гастрономиялык энциклопедиясы 2025-жылга карата "Дүйнөдөгү эң жагымсыз 100 тамакты" тизмектеди. Биринчи бештикке төмөнкүлөр кирди: 1-орунда камырына бугунун каны кошулган, Швецияда популярдуу болгон куймак турат. Бул салттуу швед тамагы. Анын ...

Бабанов Садыр Жапаров менен Алтайга болгон сапарындагы байкоолорун бөлүштү

Бабанов Садыр Жапаров менен Алтайга болгон сапарындагы байкоолорун бөлүштү

Жеке ишкер Өмүрбек Бабанов социалдык тармактагы баракчасында президент Садыр Жапаров менен Алтайга болгон сапарындагы айрым байкоолорун бөлүштү. "Аны иш үстүндө көрүү мүмкүнчүлүгү өтө сейрек кездешет, ал эми бул сапар мен ...

Пархат Тулендыбаев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды

Пархат Тулендыбаев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды

23-январда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Пархат Тулендыбаевди Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады. Ал Ош шаарына мэр болуп дайындалган Жеңишбек Токторбаевден кийин бош калган «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын мандатын ...

«Тазалыктын» кызматкерине кар күрөшкөн жол тескөөчүнүн видеосу

«Тазалыктын» кызматкерине кар күрөшкөн жол тескөөчүнүн видеосу

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери «Тазалык» ишканасынын кызматкерине карды тазалоого жардам берген видео тарады. Видеону Айсулуу Касмалиева Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде тарткан. https://static.bulbul.kg/mp4/9/102649.1bc8aa0ca7cc6ba60f74959c3932c0d5.720.mp4

Казакстандагы чоң жолдо 19 унаа сүзүштү (видео)

Казакстандагы чоң жолдо 19 унаа сүзүштү (видео)

Казакстанда бүгүн, 23-январда саат 12:30да Караганда-Балхаш унаа жолунда 19 жеңил унаанын катышуусунда массалык жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы жазды. "Жеринде ӨКМ жана тез жардам кызматкерлери иштеп жатат. Кырсыктын ...

Камчы Көлбаев үчүн өч алууну көздөп, массалык башаламандыкка чакырууга шектүү кармалды

Камчы Көлбаев үчүн өч алууну көздөп, массалык башаламандыкка чакырууга шектүү кармалды

Массалык башаламандыкка чакыруу боюнча шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 2013-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (адам ...

«Сосновка» постунда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

«Сосновка» постунда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Бүгүн, 23-январда Бишкек-Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө саат 13:00дө алынды. Кечээ, 22-январда Чүй облусунун Жайыл районунда саат 16:15 чамасында Бишкек-Ош унаа ...

Лос-Анжелесте кайрадан өрт башталып, жайылып жатат (видео)

Лос-Анжелесте кайрадан өрт башталып, жайылып жатат (видео)

Лос-Анжелестеги Кастаик көлүнүн жанынан чыккан өрт тез жайылып, аймакта жайгашкан өзөктүк станцияга коркунуч жаратууда. Бул жөнүндө Daily Mail жазды. Маалыматтарга ылайык, Лос-Анжелес округунун Кастаик көлүнүн аймагындагы өрт кечээ, 22-январда башталып, ...

Депутат Марлен Маматалиев Кыргызстанда TikTok менен Telegram’дын өкүлчүлүгүн ачуу керектигин айтты

Депутат Марлен Маматалиев Кыргызстанда TikTok менен Telegram’дын өкүлчүлүгүн ачуу керектигин айтты

Жогорку Кеңештин бүгүн, 23-январдагы жыйынында депутат Марлен Маматалиев TikTok менен Telegram'дын Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ачуу керектигин айтты. "Telegram'ды азыр жаба албайсың. Тиркемелердин негиздөөчүлөрү менен байланышып, ошолор жабышы керек. TikTok ошол эле ...

Айлыкты топтоп үй алуу мүмкүн эмеспи? Шыкмаматов жаңы долбоор тууралуу айтып берди

Айлыкты топтоп үй алуу мүмкүн эмеспи? Шыкмаматов жаңы долбоор тууралуу айтып берди

Бүгүн, 23-январда Элдик банк Мамлекеттик ипотекалык компаниясы менен биргеликте иштелип чыккан «Топтомо ипотека» уникалдуу социалдык программасынын бет ачар аземи өттү. Бул долбоордун башатында анын демилгечиси болуп президент Садыр Жапаров турганын ...

Аксыда дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

Аксыда дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

Аксыда 30-декабрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты. "20-январда саат 14:00 чамасында Өзбекстандын Кызыл-Рават айылы аркылуу өткөн ...

Депутаттар Кыргызстанда ТикТоктун ишмердүүлүгүн жандандырууну сунушташты

Депутаттар Кыргызстанда ТикТоктун ишмердүүлүгүн жандандырууну сунушташты

Депутаттар Кыргызстанда ТикТоктун ишмердүүлүгүн жандандырууну сунушташты. Бүгүн, 23-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Марлен Маматалиев аталган тиркемени VPN аркылуу калктын көбү колдонуп жатканын айтып чыкты. “Чектөөдөн пайда жок экен. Азыр ...

Кулов Көлбаевдин өлүмү боюнча: «Куралдуу каршылыкта атайын кызмат команда күтпөй эле курал колдонууга акысы бар»

Кулов Көлбаевдин өлүмү боюнча: «Куралдуу каршылыкта атайын кызмат команда күтпөй эле курал колдонууга акысы бар»

“Мен эч кимди коргогум, жактагым келбейт. Калыс болсом, куралдуу каршылык көрсөтүү учурунда "жогору жактан" буйрук күтпөй кылмышкерди жок кылууга инструкциялар жол берет", - деди экс-депутат Феликс Кулов. Ал мындай комментарийин ...

Түркияда кыргызстандык келин жолдошу тарабынан токмоктолгон

Түркияда кыргызстандык келин жолдошу тарабынан токмоктолгон

Түркияда кыргызстандык келин жолдошу тарабынан сабалып, ооруканага түшкөнүн жергиликтүү ЖМКлар жазган. Маалыматтарга караганда, келинге жолдошу бычак менен кол салган. Тышкы иштер министрлигинен бул боюнча маалымат беришти. "21-январда Анталия шаарындагы Башкы ...

ИИМ Павел Дуров менен Telegram аркылуу баңгизат саткан каналдарды жабууну сүйлөшүп жатат

ИИМ Павел Дуров менен Telegram аркылуу баңгизат саткан каналдарды жабууну сүйлөшүп жатат

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Telegram аркылуу баңгизат сатууну чектөөгө аракет көрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин орун басары Нурбек Абдиев бүгүн, 23-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. “Учурда баңгизат саткан соцтармактагы баракчаларды толук ...

Балыкчыда катуу шамалдан эки адам жабыркады

Балыкчыда катуу шамалдан эки адам жабыркады

Балыкчыда катуу шамалдан ооруканада жаткан эки адам жабыркады. Бүгүн, 23-январда саат 06:22 чамасында секундасына 28-34 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. "Шамал Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынын ...

Башкы прокуратура: «Кочкордо бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен»

Башкы прокуратура: «Кочкордо бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен»

Кочкордо бала бакчанын имараты жана жери мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. "Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн (азыркы учурда Ормон-Хан айыл ...

Атактууларды бир клипке чогулткан Амирчик

Атактууларды бир клипке чогулткан Амирчик

Кыргызстандык ырчы Амирчик "Кандай" аталышындагы ырынын клибин жарыялады. Ал клибине Кыргызстанга эле эмес, Борбор Азияга таанымал болгон атактууларды тарткан. Алгач эле жумуш издеп кирген кыз менен бала көз боёмочу Адил ...

Бишкекте жол тескөөчүнү капотуна жаткырган бойдон айдап, кулаганда из жашырган айдоочу изделип жатат

Бишкекте жол тескөөчүнү капотунда сүйрөгөн унаа табылды

Бишкекте жол тескөөчүнү капотуна жаткырган бойдон бир топ жерге чейин алып барып, ал кулаган соң, из жашырган айдоочу изделип жаткан. Окуя кечээ, 22-январда саат 16:30 чамасында Айтматов менен Москва көчөлөрүнун ...

Орусияда 24 жаштагы кыргызстандык бийиктен кулап каза болгон. Үй-бүлөсүнө кенемте берилди

Орусияда 24 жаштагы кыргызстандык бийиктен кулап каза болгон. Үй-бүлөсүнө кенемте берилди

Эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Кыргыз жаранынын сөөгүн алып келүүгө жана кенемтелерди алууга көмөк көрсөттү. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти. Мааламатка караганда, «Альянс Курулуш компаниясы" 2 миллион рубль өлчөмүндө кенемте төлөп ...

Страница 1 of 2 1 2

АРХИВ

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.