«Аэрофлот» Кыргызстанга кайра уча баштады, алгачкы каттамы бүгүн, 14-мартта «Манаска» конот. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.
8-марттан тартып учуулар токтотулгандан кийинки авиакомпаниянын биринчи каттамы саат 16:10го пландалып, Москвадан учуп келгендер Бишкекке конот.