«Аэрофлот» Ысык-Көлгө авиакаттамдардын көбөйгөнүн билдирди

Орусиянын «Аэрофлот» авиакомпаниясы Москвадан Тамчы аэропортуна, Ысык-Көлгө учуу программасын кеңейткенин билдирди.

Маалыматка караганда, 10-июлдан тарта шейшемби жана жекшемби күндөрү болгон каттамдар бейшемби жана ишемби күндөрү болгон каттамдарга кошулат.

А320 борту Шереметьеводон 9:25те учуп, Кыргызстанга 17:10до келет. Жол убактысы 4,5-5 саат.

Кайтуу рейси жергиликтүү убакыт боюнча 18:25те, Москвага 20:20да учуп барат. Москва – Тамчы багыты боюнча каттамдарды “Урал аба жолдору” да аткарат.