Агып бараткан кызды куткарган жигит: «Апам «жакшы иш кылыптырсың» деп сыймыктанып жатат»

Кечээ, 10-июнь күнү Бишкекте 10 жаштагы өспүрүм кыз сууда агып бара жатканда куткарылган. Куткаруу учурунда тартылган видео интернетке тарап, коомчулуктун позитивдүү ой-пикирин жараткан. Видеодогу кыздын өмүрүн сактап калган Залкарбек Сулайманов деген жигит менен байланышып, окуяны өз оозунан уктук.

«Мен ал учурда машина менен бара жаткам, бир убакта каналдын жээгинде 2 курсант жана жанында жарандар чуркап баратышыптыр. Кызыгып эмне болду экен деп карап, сууда бирөө агып жаткандыгын байкадым. Каналдан «Жардамга!» деген кичинекей кыздын үнү угулду. Анан мен кайра машинамды артка айдап жолдун жээгине токтотуп, алдыга чуркадым. Каналга секирип машина оңдоочу жайдагылардан жип сурап белиме байлап, кызды куткарып калдык. Жакындарым жакшы сөзүн айтып, «Апам «жакшы иш кылыптырсың, жарандык милдетиңди аткарыпсың» деп сыймыктанып жатат», — деди ал.