Айчүрөк Иманалиева: “Балапаным колдон кетти. Элесиң өмүр бою жүрөгүмдө, көз алдымда болор”

Шум ажалга уулумду колдон жулдуруп, отуруп калдым. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айчүрөк Иманалиева жазып, уулунун каза болгонуна ишенбей жатканын билдирди.

Өлүм жаш-карыны карабайт экен. Шум ажалга жаш, көргөндөн көрө элеги көп, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек уулумду колдон жулдуруп, отуруп калдым. Аргеним, эстесем жүрөгүм сыздайт. Эне үчүн мындан өткөн арман болбос! Кагылайыным, жаткан жериң жайлуу болсун. Жаратканым сени бейиштик кылсын. Ак сүтүмдөн кечтим. Өмүр бою жүрөгүмдө, элесиң көз алдымда болор. Кара жерди кучактап жатып калганыңа ишенип-ишенбей, сүрөттөрүңдү карап, эшикти ачып, кирип келчүдөй болосуң. Бала канча жашка чыкса да, эне үчүн өмүр бою бала. Балапаным колдон кетти. Бул жашоонун жыргалын толук көрбөй кетти. “Аркы дүйнөнүн жыргалын көр” деп тиленгенден башка айлам жок”, — деп жазды ал.

Бүгүн, 21-июнга караган түнү Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айчүрөк Иманалиеванын уулу Арген Иманалиев үйүндө каза болду. Анын сөөгү бүгүн саат 16:00дө жерге берилди.

Арген Иманалиев ырчы айымдын тун уулу, ал 1987-жылы туулган.