Аида Касымалиеванын ата-энесинин жана алардын неберелеринин тажиясы өтүүдө

Бүгүн, 19-июлда Ош шаарында Аида Касымалиеванын ата-энесинин жана алардын неберелеринин тажиясы өтүп жатат.

Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү, экс-депутат Аида Касымалиеванын ата-энеси 17-июлда Ысык-Көлдө жол кырсыгынан көз жумган. Автоунаасында неберелери да болгон. 9 жаштагы эгиздер, 14 жаштагы өспүрүм жол кырсыгынан каза болуп, дагы бир небереси реанимацияда, дагы бири палатага которулганы маалымдалган.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Ош шаары менен Ош облусунун бийлик өкүлдөрү, парламенттин экс-спикери Асылбек Жээнбеков, коомдук ишмерлер келгенин Turmush басылмасы жазды.

Экс-депутаттын апасы Бактыгүл Мырзаева 1999-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Ош облустук китепканасынын директору болуп иштеп келген.

Видео: «Турмуш» басылмасы, Азамат Абсаттаров