«Айдоочу маршрутканы сүзгөнгө чейин эле көз жумган». ӨКМ башчысы Орусиядагы жол кырсыктын себебин айтты

«Орусияга барып келдик. Ал жакта тергөө иштери аяктап, жол кырсыкты жараткан адамга соттук-медициналык экспертиза дайындалган». Бул тууралуу ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев билдирди.

«Унааны артынан сүзгөн адамдын денесин сойгондо, ал урунганга чейин эле жанын бериптир», — деди ал.

21-август күнү Орусиянын Ульянов облусунда орун алган жол кырсыгынан жалпы 16 адам каза таап, анын 14ү Кыргыз жараны экени такталган. Маркумдардын сөөгү 23-августта алып келинди. Ошондой эле 3 Кыргыз жараны жаракат алып, жергиликтүү бейтапканага жеткирилген.