Айдоочулар жасалып жаткан жолдорго суу чачууну суранышууда

Социалдык тармакта айдоочулар айланма жолдо тартылган видеолор менен бөлүшүп, чаңдан унаалар көрүнбөй, авариялык абал жаралып жатканын билдиришүүдө.

Алар тиешелүү органдар жолдо иштеп жаткан жумушчулардын да ден соолугун ойлоп, маал-маалы менен жолдорго суу чачып турушса жакшы болорун айтышкан.