Айдоочуларга эскертүү: Төө-Ашууда кар жаады

Төө-Ашуу ашуусуна жана Суусамыр өрөөнүнө кар түштү. Бул тууралуу Чүй облусунун жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу айдоочуларды жолдордо этият болууга жана жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууга чакырат. Ошондой эле унаалардын ортосундагы аралыкты сактоону суранат.