Кыргызстан менен Түркиянын биринчи айымдары Айгүл Жапарова жана Эмине Эрдоган Венгриянын премьер-министринин жубайы Анико Леваи менен биргеликте Улуттук тарых музейиндеги кыргыз элинин тарыхый жана маданий эстеликтери менен таанышты.
Түрк дүйнөсү фондунун (Түркия) колдоосу менен Түрк маданияты жана мурасы фонду жана Мадания министрлиги тарабынан сыйлуу коноктор үчүн көргөзмө даярдалды. Ал түрк тилинин биринчи сөздүгүнүн — “Дивани Лугат ат-Түрк” китебинин жазылышынын 950 жылдыгына карата Махмуд Барсканинин мекени болгон Кыргызстанда өтүүдө. Мындан тышкары, Кыргызстандын, Түркиянын президенттеринин жана Венгриянын премьер-министринин жубайлары Улуттук тарых музейиндеги көргөзмөгө коюлган “Матьо” сайма маданиятынын теңдешсиз байлыгы аркылуу Венгриянын элдик искусствосу менен таанышты. Андан соң маданий программа Кыргыз мамлекеттик “Ала-Арча” жаратылыш паркында уланды.