Айгүл Жапарова: «Кыргызстан биринчи Тоо жаштарынын дүйнөлүк фестивалын өткөрүүнү демилгелеп жатат»

“Эксперттик диалогду, климаттык дипломатияны өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу, тоолуу өлкөлөрдүн жаштарынын демилгелерин колдоо үчүн каржылоону тартуу, тоо экосистемаларын коргоо боюнча экологиялык долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруу үчүн аянтчаны түзүү максатында биз Кыргыз Республикасында биринчи “Тоо жаштарынын Дүйнөлүк фестивалын” өткөрүүнү демилгелеп жатабыз”, — деп биринчи айым Айгүл Жапарова Баку шаарында (Азербайжан) КОП29дун алкагында жаштардын экологиялык билимине арналган иш-чарада билдирди.
““Жашыл” билим берүү стратегиясын жана туруктуу өнүгүү маданиятын ишке ашыруу үчүн мектептик билим берүү системасы туруктуу өнүгүү маданиятын түзүүгө жана окуучуларды климаттык күн тартибине тартууга комплекстүү мамилени талап кылат. Мектепке чейинки билим берүү системасында экологиялык көндүмдөрдү калыптандыруу таанып-билүү жана изилдөө ишмердүүлүгүн, ошондой эле эксперименттерди жана тажрыйбаларды, кырдаалдык маектешүүлөрдү, жаратылышты коргоо акцияларын, көркөм адабияттарды окууну жана башка креативдүү педагогикалык ыкмаларды киргизүүнү талап кылат. Региондун “жашыл экономикага” өтүүсүн эске алып, бизде кесиптик билим берүүнүн бардык этаптарында билим берүүнүн мазмунуна өзгөртүүлөр киргизилип, “жашыл экономиканын” артыкчылыктуу тармактары үчүн кадрларды даярдоого түздөн-түз байланышкан жаңы багыттарды киргизүү зарыл”, — деди ал.
Сөзүнүн жыйынтыгында Айгүл Жапарова бардык мамлекеттерди жана эл аралык уюмдарды жаштар менен кызматташууга, аларга экологиялык саясатты иштеп чыгуу иштерине катышууга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.