Постсоветтик мейкиндиктеги саясаттагы эң таасирдүү 50 аялдын рейтингин «Преемник» Telegram-каналы жарыялады.
Тизмени Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жетектеди. Экинчи орунда Азербайжандын лидеринин жубайы Мехрибан Алиева, үчүнчүдө Социалдык-маданий демилгелер фондунун президенти Светлана Медведева турат.
Бул тизмеге Кыргызстандын президентинин жубайы Айгүл Жапарова да кирген. Ал 18-орунда. Рейтингдин аягындагы орундарды Эстониянын социалдык коргоо министри Сигне Риисало, Абхазиянын президентинин жубайы Аэлита Ахиба жана Тажикстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Хайриниссо Юсуфи ээлешти.
Рейтингди түзүүнүн критерийлери болуп постсоветтик мейкиндиктеги саясий процесстерге системалуу таасирдин деңгээли, элиталык колдоо жана/же мамлекет башчысына жакындыгы, формалдуу статусу же кызматы, ошондой эле коомчулукка таасирдин деңгээли эсептелгени белгиленген.