Айгүл Жапарова Түптөгү өзү окуган мектебине барды (сүрөт)

Бүгүн, 14-апрелде Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Санташ айылында №15 орто мектептин модернизициядан кийинки имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу АРИСтен билдиришти. 

Мектептин ачылышына арналган иш-чарага биринчи айым Айгүл Жапарова, Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Түмөнбаев, Жаныбек Кыдыкбаев, Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев катышты.

«Мектептин имараты 1976-жылы курулган, андан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, мектеп энергияны үнөмдөөнүн заманбап стандарттарына жооп бербегендиктен, жылытуу мезгилиндеги суук класстар окуу процессин ого бетер кыйындаткан. Оңдоо иштери 2022-жылдын май айында башталып, 2023-жылдын апрелинде аяктаган», — дешти.