«Айлыгы 30-40 миң сом». Бишкекте көчө шыпыруучулар жумушка чакырылат

“Тазалык” муниципалдык ишканасы жолдорду көрктөндүрүү жана тейлөө бөлүмүнө тазалоочуларды жана ар кандай жумушчуларды чакырат.
Эмгек акы жумушуна жараша эсептелет жана орточо эсеп менен 30-40 миң сомду түзөт. Иштөө убактысы 7 саат.

Бардык суроолор боюнча Ростовская көчөсү, 19Б дарегине кайрылсаңыз болот.