Айыл чарба министрлиги: Баткендин “Ак-Турпак” күрүчү Америкага чейин жетти

2024-жылы “Ак-Турпак Групп” ишканасы Америкага 5 тонна сапаттуу күрүч экспорттоого жетишкен. Быйыл 2025-жылы болсо экспорт көлөмү 10 тоннага жетет деп күтүлүүдө. Мындан тышкары, Европа өлкөлөрүнө жана коңшу Өзбекстанга дагы жөнөтүлөт. Бул тенденция жергиликтүү өндүрүүчүлөр дүйнөлүк стандарттарга жооп берген продукция чыгара аларынын далили болуп эсептелет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен маалымдашты.
“Ак-Турпак” күрүчүнүн АКШ, Европа жана Өзбекстан сыяктуу базарларга чыгышы — Кыргызстандын экспорттук потенциалын кеңейтүүдө маанилүү кадам. Бул демилге өлкөнүн айыл чарба өндүрүшүнө жаңы дем берип, дыйкандарга да, мамлекетке да пайда алып келүүдө. Эгер ушундай ишканалар көбөйсө, Кыргызстандын айыл чарба өндүрүшү дүйнөлүк деңгээлге чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл аймагы күрүч өндүрүүдө жана кайра иштетүүдө республика боюнча алдыңкы аймактардын бири болуп саналат. Аймактагы Миң-Чынар айылында жайгашкан “Ак-Турпак Групп” ЖЧКсы күрүч иштетүү жана таңгактоо багытында ийгиликтүү иштеп келет. Бул ишкана Кыргызстандын айыл чарба продукциясын дүйнөлүк рынокко чыгаруу жолунда чоң кадам таштап жатат.
Ишкана заманбап технологиялар менен жабдылып, күрүчтү тазалоо, кургатуу, сорттоо жана таңгактоо процессин толугу менен өздөштүргөн. Бул өндүрүштүн сапатын жогорулатып, экспорттук базарларга чыгууну шарттады. Натыйжада, күрүч өстүрүүнүн көлөмү да өсүп, мурда бир гана ички базарга багытталган өндүрүш, эми сырткы суроо-талапка жараша кеңейип, жергиликтүү экономикага оң таасирин тийгизүүдө.