Айыл чарба министрлиги: «Эттин баасын жасалма көтөрүп жиберишти»

Айыл чарба министрлигинен этке болгон баанын кымбатташына ортомчулар себеп болуп жатканын айтышты.

«Этке болгон бааны эт жеткиргич ортомчулар эле жасалма көтөрүп салышты. Бодо малдын эти Өзбекстанга экспорттолот, ошон үчүн бизде эт тартыштыгы болуп жатат деген маалымат калп. Азыр жайкы сезонго байланыштуу мал жайлоого чыгып кетти. Малдын эти сыртка чыгып, өзүбүздө калган жок деп ортодогулар көтөрүп жатышат. 

Эттин баасы учурда айрым супермаркеттерде көтөрүлгөн. Этти сорттогондо баалар ар кандай болуп калган. Мисалы, стейк сөөгү бар этке караганда кымбат болот. Ал эми базарларда баалар 470-500 сомдун тегерегинде болуп жатат», — дейт Айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Жанузаков.