Айсулуу Тыныбекова эл аралык турнирге катышуу үчүн Польшага учуп кетти

Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова эл аралык турнирге катышуу үчүн Польшага учуп кетти. Тагыраагы, балбан Польшанын борбору Варшава шаарында өтө турган «Poland Open» эл аралык турнирине катышат. “Вируска байланыштуу узак мөөнөттүү тыныгуудан соң кайрадан күрөш боюнча турнирге жөнөдүм. Аялдар күрөшү боюнча «Poland Open» эл аралык турнирине бара жатабыз. Убакыттын тардыгына байланыштуу жетерибиз менен дароо күрөшөм. Андан соң атайын машыгууларыбызды Польшадан улантабыз” деп жазган спортчу.