Ак Үйдүн алдында белгисиз жаран өзүн өрттөөгө аракет кылууда

Интернет желесине Ак Үйдүн алдында өзүн өрттөйм деп колуна бензин кармап турган жарандын видеосу тарады. Белгилүү болгондой, видео бүгүн, 13-ноябрда тартылган. Анда колуна бензин кармаган белгисиз жаран жанына келген милиция кызматкерин коркутуп жатканын көрүүгө болот. Учурда милиция кызматкерлери аны тынчтандырууга аракет кылып жатышканы маалым болду.

Белгилүү болгондой, өзүн өрттөйм деп жаткан жаран өлкөдөгү соңку митингдер учурунда элдик кошуунга кошулуп, Ак Үйдү жана башка имараттарды кайтарган. Бирок азыркы учурда жумушу жок болгондуктан, үй-бүлөсүн багууга мүмкүнчүлүгү жок болуп жатканына нааразычылыгын билдирген.