Президент Садыр Жапаров президенттик администрациясынын жаңы имаратынын курулушу аяктап калганын билдирди.
«Ага ат коюшубуз керек болуп жатат. Ар кандай сунуштар түшүүдө. «Ак Ордо», «Кут Ордо», «Айкөл Ордо», «Ынтымак Ордо» деп атоо сунуштары түштү. Жалпы элдин сунуштарын, пикирлерин угайын деп чечтим. Анткени бул ат түбөлүк калат. Тарых болот. Дагы башка аттарды каалагандар болсо, сунуштарыңызды бериңиздер. Сөзсүз түрдө эмне үчүн ушундай атоону сунуштап жатканыңыздын себептерин жаза кетиңиздер»,- деп жазды ал.
«Ак Ордо» деп аталса туура болот го дейм, себеби кыргыздарда эзелтен «ак» деген соз онун, тузун эле эмес, озгочо тазалыкты, озгочолукту билдирип келген. «Ырыс», «Кут»..ж.б. создордун маанисин камтыйт. «Ак Ордобуз» кылымдарга чейин сакталган адилет ажобуздун накта кучтуу Ордосу болсун. Олкобуздун, элибиздин ынтымагын, биримдигин, эркиндигин жана кутун, молчулугун, токчулугун, байлыгын сактаган, кучтуу дем тартуулаган ак жолтой «Ак Ордобуз» болсун! Эзелтен нечелеген кылымдарды карытып, сакталып келген «Кыргыз» деген атыбызды , «Манас» бабабыздын Демин даназалаган «Ак Ордобуз» болсун!