Ак-Ордодо оор жүк ташуучу унаанын кичи автобусту сүзүшү. Жабыркаган дагы бир жаран каза болду

Ак-Ордо-3 конушундагы жол кырсыгына кабылган кичи автобустун жандандыруу бөлүмүндө жаткан бир жүргүнчүсү каза болду. Бул тууралуу аталган конуштун квартал башчысы Мирбек Осмонов 24-июлда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Ак-Ордо-3″ конушунда үрөй учурган жол кырсыгы болуп, анда 34 жаштагы келин каза болгон. Түндө дагы бир эже каза болду, ал оор абалда жаткан эле. Каза болгон адамдардын жакындарына терең кайрылуу менен көңүл айтабыз. Жашоочулар ооруп жаткан адамдарга акча чогултуп баштаган. Жалпы 205 миң сом чогулуп, ден соолугунан жабыркап жаткандарга бөлүп берилди. Ошондой эле каза болгон адамдардын жакындарына дагы чогулган акчадан бөлүнөт»,- деп жазды ал.

19-июль күнү саат 07:50 чамаларында Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо-3 конушунун Элмирбек Иманалиев атындагы көчөсүндө үрөй учурган жол кырсыгы орун алды. Эл ташуучу №169 кичи автобусу түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, жолдон токтоп жүргүнчүлөрдү салып жаткан учурда ошол эле тарапты көздөй бара жаткан чоң жүк ташуучу унаасынын айдоочусу кичи автобусту артынан сүзгөн. Кеспетинен 23 адам жаракат алып, 1 аял каза болгон. Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу камакка алынган.