Ак-Суу жана Түп районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 200 саан уй торпогу менен берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Саан уй жана музоолор түрүндө берилген кайтарымсыз жардамды жалпы 200 аяр үй-бүлө алды. Алардын ичинен 85 үй-бүлө мамлекеттик жөлөкпул алат: Түп районунда — 61 үй-бүлө, Ак-Суу районунда — 24 үй-бүлө.