Ак-Талаада 5 гектар жер тилкесине 6 миңге чукул чычырканак көчөтү тигилди

Жогорку Кеңештин “Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков баштаган депутаттар Винера Раимбачаева жана Динара Ашимова Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ала-Буга айыл аймагына барып, чычырканактын көчөттөрүн олтургузуу иш-чарасына катышты.

Фракция лидери Нуржигит Кадырбеков аталган демилге “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын жана Жогорку Кеңештин “Жашыл Кыргызстан” экологиялык өнөктүгүнүн алкагында ишке ашып жатканын белгилеп, иш-чара жашыл аймактардын аянтын көбөйтүүгө, жарандардын экологиялык аң-сезимин жогорулатууга багытталгандыгын кошумчалады. Алсак, депутат Нуржигит Кадырбеков тарабынан демилгеленген “Жашыл Кыргызстан” экологиялык өнөктүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары жана жалпы жарандар колдоп, атайын ачылган эсепке каражат которушкан.

Ага ылайык, Ала-Буга айыл аймагынан атайын бөлүнгөн 5 гектар жер тилкесине 6 миңге чукул чычырканак көчөттөрү олтургузулду. Иш-чарага айыл тургундары, жергиликтүү жетекчилер жана “Ыйман Нуру” парламенттик фракциясынын катчылыгынын кызматкерлери катышты.